USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камакка алынды

10:14, 08 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ал уюшкан топтун кызыкчылыгында жасалган же оор зыян келтирген коррупцияга (КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү) айыпталууда. Ал кечээ жакында кармалган.

Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын февралында атайын кызматтын жетекчилигиндеги масштабдуу кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин УКМКнын төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. Бул кызматка чейин ал улуттук коопсуздук органдарынын системасында иштеген. Бирок 8-июнда президент Шадыбековду ээлеген кызматынан бошоткон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18