USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

11:43, 07 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-8-июль күндөрүнө карата шашылыш билдирүү таратты.

Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жергиликтүү нөшөрлүү жамгырга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

ӨКМ тургундарды жана туристтерди этият болууга, мүмкүнчүлүккө жараша капчыгайларга жана дарыя жээктерине эс алууга барбай турууга, ошондой эле тоолуу райондорго сапарга чыгууда аба ырайын эске алууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18