USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын кошумча корпусу курулууда

08:36, 07 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мозырская көчөсүндө жайгашкан № 131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус 100 орунга ылайыкталган жана заманбап талаптарга жооп берген шарттарда курулууда. Имаратта тарбиялануучулар жана кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү максатында долбоордо лифт орнотуу каралган.

Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда дубалдарды тургузуу иштери улантылып, электр монтаждоо иштери башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18