USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнө чемпионаты -2026. Португалия Испанияга утулуп, мундиалдан четтеди

07:43, 07 июля 2026, Бишкек - 24.kg

 Португалия курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Испанияга 0:1 эсебинде утулуп, мундиалдан четтеди.

 Жалгыз топту кошумча убакытта Микель Мерино киргизди. Анын 91-мүнөттөгү голу испаниялыктарды чейрек финалга алып чыкты.

Португалия менен бирге дүйнө чемпионатынан 41 жаштагы Криштиану Роналду да кетүүдө. Бул мундиал, кыязы, анын карьерасындагы акыркысы болуп калды.

Ал дүйнө чемпионатында дебютун 2006-жылы жасаган жана ошондон бери бир дагы турнирди өткөрүп жиберген эмес. Бул Роналду үчүн алтынчы Дүйнө чемпионаты  болду. Европа чемпиону, Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, «Алтын топтун» беш жолку ээси жана көптөгөн футбол рекорддорунун ээси карьерасында дүйнө чемпионатын баары бир ута алган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18