USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Эрте бышкан дарбызды кимдерге жегенге болбойт?

12:10, 06 июля 2026, Бишкек - 24.kg

 

Эрте бышкан дарбыз жана коондорду колдонуу мөмөлөрдө нитраттар менен нитриттердин топтолушунан улам оор ууланууга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу нутрициолог Ника Сергунина билдиргендигин орусиялык ЖМКлары жазып чыкты.

Ал белгилегендей, дыйкандар бакча өсүмдүктөрүн тездетип бышыруу үчүн азоттуу жер семирткичтерди колдонушат. Бул болсо жүрөк, баш айлануу жана алсыздыкты пайда кылат. Адис мезгилдүүлүк принцибин сактоо зарылдыгын баса белгилеп, коон-дарбыздарды август жана сентябрь айларында гана сатып алууну сунуштады. Бул мезгилде химиялык заттар менен ашыкча каныккан продукцияга туш болуу коркунучу минималдуу деңгээлге түшөт. Өзгөчө эрте бышкан мөмөлөр балдар, кош бойлуу аялдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн чоң коркунуч туудурат.

Эксперт ошондой эле гигиенага жана сатып ала турган жерди туура тандоого көңүл бурду. Кесилген, жарака кеткен же жанчылган мөмөлөрдү, ошондой эле автоунаа жолдорунун жээгиндеги продукцияларды сатып алууга катуу тыюу салынат. Кесип жатканда кабыгындагы бактериялар ички жумшагына өтүп кетпеши үчүн бардык бакча өсүмдүктөрүн колдонуудан мурун жакшылап жууш керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18