Кыргыз-тажик чек арасында баңгизаттын ири партиясы кармалды
Баткен облусунун Арка-2 районундагы «Мал-Базар» тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Тажикстан аймагында жүргөн белгисиз жаран Кыргызстан аймагына чоң сумка ыргытып, андан соң чектеш аймактын ичин көздөй из жашырып качканын байкашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сумканы текшерүү учурунда анын ичинен 1 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты жана сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар 16 пакет табылган. Пакеттерди ачкандан кийин, болжол менен күрөң түстөгү баңгизат — ооган чарсы (гашиш) экени аныкталган.


