Бишкекте «Honda» унаасынын айдоочусу жөө өтмөктө аял кишини сүзүп кетти
Эртең менен Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси менен Батыш көчөсүнүн кесилишинде, Чыгыш автобекетине жакын жерде, «Honda» унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аял кишини сүзүп кетти.
Видеодон көрүнгөндөй, аял киши жолду «зебра» аркылуу өтүп бара жатканда аны «Honda» унаасы сүзгөн. Жөө жүргүнчү айдоочуга көрүнүп турган аралыкта болгонуна карабастан, унаа ылдамдыгын азайтпай, жогорку ылдамдыкта кыймылын уланткан.