Пайдалуу кеңеш: Дарыгерлер 60тан ашкандарга эң маанилүү витаминдерди атады
Жаш өткөн сайын организм азыктандыруучу заттарды башкача сиңире баштайт, ошондуктан 60 жаштан кийин витаминдердин жетишсиздик коркунучу байкалаарлык жогорулайт. Бул тууралуу дарыгерлер менен диетологдордун пикирине шилтеме берүү менен Германиянын «T-Online» порталы билдирди.
Адистердин айтымында, улгайган куракта өзгөчө D витамининин, В12 витамининин жана фолий кычкылынын (В9) жетишсиздиги көп кездешет. Бул заттар организмдин иштешин камсыз кылууда негизги ролду ойнойт жана жалпы ден соолукка түздөн-түз таасирин тийгизет.

В12 витамини нерв системасы жана кан айлануу процесстери үчүн маанилүү. Анын жетишсиздиги чарчоо, эс тутумдун начарлашы, кунт коюунун төмөндөшү жана башка неврологиялык белгилер менен коштолушу ыктымал.
Фолий кычкылы клеткалардын жаңыланышына катышат жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин колдойт. Ал жетишсиз болгондо когнитивдик функциялар (акыл-эс жөндөмдүүлүгү) жана организмдин жалпы абалы жабыркашы мүмкүн.
Медиктер мындай жетишсиздиктер акырындык менен өнүгүп, узак убакытка чейин байкалбай турганын баса белгилешет. Андыктан 60 жаштан ашкан адамдарга витаминдердин деңгээлин үзгүлтүксүз текшерип туруу, ал эми зарыл болгон учурда тамактанууну өзгөртүү же кошумча витаминдерди кабыл алууну дарыгердин кеңешинен кийин гана баштоо сунушталат.