Түндүк—Түштүк унаа жолуна дагы таш кулап, жолдор тазаланды
Бүгүн, 3-июлда саат 09:00 чамасында Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239—243-чакырым аралыгында тоо боорунан таштар кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде № 24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникалар менен жолду таштардан тазалап жатышат.

Министрлик айдоочулардан бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоону өтүнөт.
