Бишкекте Доо Чынгызга таандык курал-жарактар менен шектүү кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого шектелген эркек кишини кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан (ИИББ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, Махатма Ганди жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Текшерүү учурунда унаанын арткы орундугунан жүргүнчүлөрдүн бирине таандык спорттук баштык табылган. Анын ичинен ПМ үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм, 5 огу менен REX PERFEKTA үлгүсүндөгү тапанчага окшош буюм, 13 даана 9 мм калибрдеги огу менен белгисиз үлгүдөгү тапанча-пулемётко окшош буюм, жылмакай тешиктүү ок атуучу куралдын бир бөлүгү, төрт даана граната, кара түстөгү беткап жана жашыл түстөгү аскердик камуфляж кийиминин топтому алынган.
Тергөө маалында шектүү 1983-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Р.К. аттуу жаран экени аныкталган.
Анын көрсөтмөсүнө ылайык, табылган баштык мурда өзү менен бирге жаза мөөнөтүн өтөгөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловго (Чыңгыз Дөө каймана аты менен белгилүү) таандык болгон. Шектүүнүн айтымында, болжол менен төрт жыл мурун Жумагулов баштыкты убактылуу сактап турууну өтүнүп берген. Баштыктын ичинде курал бар экенин көргөндөн кийин аны токой тилкесине көмүп коюп, кийин кайрылып алган эмес. Кийинчерек Жумагулов кармалып, андан соң каза болгонун укканын билдирген.
Учурда алынган курал-жарактар жана ок-дарылар соттук экспертизага жөнөтү


