Бишкекте «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбор курулууда
Бишкекте өрттөнүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, учурда объектте имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын орнотуу иштери аяктап, курулушчулар биринчи кабаттын колонналарын монтаждоого жана кабаттар аралык жапкычтарды бетондоого даярдык көрө башташты.
Буга чейин Бишкек мэриясы борбордун курулушун ушул жылдын сентябрь айында бүтүрүүнү убада кылган.


