USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Майыптыгы бар кыргызстандыктар мамлекеттик кызматка сынаксыз кабыл алынат

10:12, 03 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Жаңы тартипке ылайык, квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сынаксыз негизде, жеке арызы аркылуу орношо алышат.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча белгиленген квоталарды сактоого милдеттүү болот.

Бош кызмат орундарын толтурууда кадрлар резервинде турган жана талаптарга жооп берген майыптыгы бар талапкерлерге артыкчылык берилет.

Талапкерлерди тандоо тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18