USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ДССУ: Круиздик кемеге байланышкан хантавирус очогу жоюлду

09:29, 03 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) MV Hondius круиздик кемесине байланыштуу катталган Андес хантавирусунун жайылышы толугу менен токтотулганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус вирустун таасирине кабылгандар менен байланышта болгон акыркы адам да карантин мөөнөтүн аяктап, тести терс жыйынтык көрсөткөн соң үйүнө кайткандыгын айтты.

Анын айтымында, 25-майдан бери оорунун жаңы учурлары катталган жок.

 

ДССУнун буга чейинки маалыматы боюнча, май айынын аягына карата «MV Hondius» кемесинде хантавирус жуктургандардын саны 13 адамга жетип, анын ичинен үчөө каза болгон. Акыркы жаңы учур анда карантинде турган жүргүнчүлөрдүн арасынан Испанияда аныкталган.

Эске салсак, оорунун жайылышы Түштүк Американын жээктериндеги круиз учурунда орун алган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, сегиз адам ооруп, үчөө көз жумган. Болжолдоолорго караганда, сөз хантавирустун Андес штаммы — айрым учурларда адамдан адамга жуга турган сейрек кездешүүчү түрү жөнүндө болуп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18