Бишкектин автобустарында түнкү тариф накталай эмес төлөмдө 70 сомду, ал эми накталай төлөөдө 90 сомду түзөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Тулпар» долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн-эртең алты каттам боюнча түнкү автобустар тесттик режимде ишке киргизилет. Схемалары түзүлүп бүткөн, аларды шаардык мэрия жарыялашы керек.

Буга чейин түнкү каттамдар саат 22:00дөн 05:00гө чейин болжол менен 40 мүнөттүк интервал менен каттап, шаардын негизги райондорун байланыштырары кабарланган.
Учурда автобустарда күндүзгү жол кире акысы 17 сомду түзөт.
Эске салсак, 1-июлдан тарта Бишкектин коомдук транспортунда накталай төлөм жокко чыгарылып, бул айдоочуларды кошумча кирешеден ажыратты. Накталай эмес ыкма менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок жүргүнчүлөргө салондон чыгуу сунушталууда. Ошол эле учурда аткаминер бир сааттын ичинде автобустарда бир нече жолу акысыз которулуп түшүү тутумун киргизишти.