USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кара-Кулжа районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

14:05, 02 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Кара-Кулжа районунда сел агымдарынын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, сел агымдары 1-июлда Алайкуу айыл аймагынын Терек жана Кан-Коргон айылдарында жүргөн. Табигый кырсыктын кесепетинен Терек айылында 50 турак үй, ал эми Кан-Коргон айылында 11 үй жабыркаган.

Ошондой эле ички жол тармактарынын объектилери, Терек — Чат-Терек унаа жолу, сугат каналы, социалдык объектилер жана айрым электр тармактарынын объектилери зыянга учураганы катталган.

Учурда авариялык-куткаруу иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Куткаруучулар мотопомпалардын жардамы менен суу каптаган турак үйлөрдөн сууну сордуруп, аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө 17 турак үйдүн жана эки социалдык объекттин короолору, ошондой эле 5 чакырымга жакын ички жолдор тазаланды.

Мындан тышкары, Терек — Чат-Терек унаа жолунун 5 чакырымдык тилкесинде бир тараптуу кыймыл камсыз кылынып, жолду кеңейтүү жана толугу менен калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18