Эмгек министрлиги коррупция тууралуу 1966 телефонуна кабарлоого чакырды
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды белгилүү болгон бардык коррупция фактылары тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу кабарлоого чакырды.
Ведомство укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууну улантып жатканын жана санариптик чечимдерди ырааттуу киргизүүнү, ички көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүүнү көздөп жатканын баса белгиледи.
Министрликтен тургундардын активдүү жарандык позициясы коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгилешти.