USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ТҮРКСОЙ 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштады

12:56, 02 июля 2026, Бишкек - 24.kg

ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюму Кыргызстандын Министрлер Кабинетине 2028-жылга карата эки демилге менен кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Биринчи демилге залкар жазуучунун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону карайт.

Экинчи сунуш 2028-жылы Талас шаарына түрк дүйнөсүнүн маданий борбору макамын берүүгө тиешелүү. Ал эми Талас облусу — «Манас» эпосунун жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болуп саналат.

ТҮРКСОЙдун катчылыгы тиешелүү сунуштарды расмий түрдө Кыргызстандын өкмөтүнө жөнөтүүнү пландаштырууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18