USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучулар Орусиядагы физика олимпиадасында 4 медаль багындырды

11:48, 02 июля 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын 21-июнунан 30-июнуна чейин Москва физика-техникалык институтунда физика боюнча ISPhO 2026 олимпиадасы өттү.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, ISPhO жогорку классстардын окуучулары арасында изилдөөчүлүк физика боюнча эң абройлуу эл аралык мелдештердин бири болуп саналат. Бул жылы олимпиада 30 өлкөдөн келген 148 эң күчтүү окуучунун башын бириктирди. Катышуучулар физика боюнча татаал теориялык жана эксперименталдык маселелерди чечүүдө күч сынашышты.

Кыргызстандын атынан олимпиадага 10 окуучу жана төрт жетекчиден турган команда катышты.

 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы бир күмүш, үч коло медаль, ошондой эле үч ардак грамота жеңип алды.

Күмүш медаль:

Айтегин Эмилбеков — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.

Коло медалдар:

Темирхан Салиев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу;

Умар Туташбаев — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу;

Ахмед Абылаев — «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу.

Улуттук курама команданы даярдоону команда жетекчилери Салижан Кылычбеков, Андрей Сидоренко, Чынтемир Сабыров жана Эмир Анаралы уулу камсыз кылышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18