Жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу 15-апрелде Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Тургундарга коопсуздук чараларын көрүп, мүмкүн болсо бак-дарактардан, жарнак түзүмдөрүнөн жана электр зымдарынан алыс болуу, ошондой эле жолдордо этият болуу сунушталат.