USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги оруп-жыюу өнөктүгүнө даярдык көрүүдө

09:04, 02 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги оруп-жыюу өнөктүгүн өткөрүүгө даярдык көрүү иштерин улантууда.

Ведомствонун маалыматы боюнча, механизаторлор сезондук талаа жумуштарына карата техникаларды оңдоо жана даярдоо иштерин жигердүү жүргүзүп жатышат.

2026-жылы республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин жалпы себилген аянты 486 миң 90 гектарды түзөт. Оруп-жыюу өнөктүгүн өткөрүү үчүн 1 миң 822 дан жыйноочу комбайн тартылат. Натыйжада бир дан жыйноочу комбайнга орточо эсеп менен 267 гектар айдоо аянты туура келет.

Учурда республика боюнча:

  • тракторлордун жалпы саны — 22 358 даана, анын ичинен техникалык жактан даяр болгону — 21 043 даана же 94 пайыз;
  • дан жыйноочу комбайндар — 1 836 даана, анын ичинен даяр болгону — 1 434 даана же 78 пайыз;
  • чөп чапкычтар — 4 298 даана, анын ичинен даяр болгону — 3 934 даана же 91 пайыз;
  • чөп таңгычтар — 3 985 даана, анын ичинен даяр болгону — 3 596 даана же 90 пайыз;
  • дан тазалоочу машиналар — 423 даана, анын ичинен даяр болгону — 368 даана же 87 пайыз;
  • трактор чиркегичтери — 8 942 даана, анын ичинен даяр болгону — 8 150 даана же 91 пайыз.

Министрлик тарабынан оруп-жыюу өнөктүгүн өз мөөнөтүндө өткөрүү, техникалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана түшүмдү жоготуусуз жыйнап алуу боюнча тиешелүү уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18