USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Минкаб төрагасы УКМКнын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

13:07, 01 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жеке курамына ведомствонун төрагасынын милдетин аткаруучу Максат Асаналиевди тааныштырды.

Адылбек Касымалиев атайын кызматтын жетекчилигине жана кызматкерлерине кайрылып жатып, президенттин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Максат Асаналиевге маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, ал эми УКМКнын өздүк курамы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин ар-намыс менен жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18