USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Баткенде балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү текшерилүүдө

12:39, 01 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда милиция кызматкерлери балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, бала 28-июнда райондук ооруканада каза болгон. Ошол эле күнү анын сөөгү жерге берилген. Милициядан такташкандай, бала медициналык мекемеге дене табы абдан жогору болуп жеткирилген.

Каза болгон бала Кадамжай районунун Совет айыл аймагында жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгон.

Учурда укук коргоо органдары тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, окуянын бардык чоо-жайын тактап жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18