USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Адылбек Касымалиев Башкы прокуратуранын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

12:33, 01 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети төрагасы Адылбек Касымалиев Башкы прокуратуранын жамаатына башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу Малик Бектургановду тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы жетекчинин жана көзөмөл органынын кызматкерлеринин алдына бир катар негизги милдеттерди койду. Ал мыйзамдуулуктун так сакталышын камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана жарандардын прокуратура органдарына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Соңунда Адылбек Касымалиев Малик Бектургановго мамлекеттик маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, прокуратура органдарынын кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так, кесипкөй жана кынтыксыз аткараарына ишенимин билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18