USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ДСУ эскертти: Европа өзгөчө аптаптуу, ысык дооруна кирүүдө

11:47, 01 июля 2026, Бишкек - 24.kg

Европаны каптаган өзгөчө ысык мындан ары сейрек кездешүүчү көрүнүш болбой калды жана кайталануучу кризиске айланууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европа аймактык бюросунун директору Ханс Анри Клюге билдирди.

Анын айтымында, июнь айы Европадагы метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхындагы эң ысык айлардын бири болду. Ал эми континенттин өзү дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө караганда эки эсе тез ысып жатат. «Бул ысык — тек гана репетиция», — деп баса белгилеген Клюге, аптаптуу күндөр барган сайын тез-тез кайталанып, узакка созулуп жана күч алып жатканын кошумчалады.

ДСУнун маалыматы боюнча, 24-июндан бери Францияда ашыкча өлүмдүн миңге чукул учуру катталган. Алардын көбү — 65 жаштан ашкан адамдар. Бир катар шаарларда тез жардам чакыруулардын саны дээрлик эки эсеге өскөн.

Испанияда өлүмдүн деңгээлин көзөмөлдөөчү улуттук тутум июнь айындагы аптаптын айынан каза болгондордун санын 892 адам деп баалады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму европалык өлкөлөрдү калкты ысыктан коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Кеп алдын ала эскертүү тутумдарын өнүктүрүү, коомдук салкын жайларды түзүү, ошондой эле кары-картаңдарга жана калктын башка аялуу катмарына кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө болуп жатат. Клюгенин айтымында, мындай чаралар бүгүнкү күндүн өзүндө эле адамдардын өмүрүн сактап калууда жана кийинки келе турган өзгөчө аптап толкундарына даярдыктын милдеттүү бөлүгү болушу керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18