USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөө боюнча рекорд катталды

15:47, 30 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөөнүн рекорддук көрсөткүчү катталды. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматы боюнча 29-июнда өлкөнүн энергетикалык тутумунда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетти.

Бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Салыштыра турган болсок, былтыр 2025-жылдын 30-июнунда бул көрсөткүч 40 миллион кВт.сааттын тегерегинде болгон.

Керектөөнүн өсүшүнө негизги себептери:

  • Көп кабаттуу үйлөрдүн (МИК), социалдык объектилердин, өнөр жай объекттеринин курулуп, пайдаланууга берилиши.
  • Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүп жатканы.

Учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле маалда, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жогорку жүктөм шартында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жалпы жарандардан электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын убагында өчүрүп туруу жана электр энергиясына этият мамиле кылуу аркылуу ар бир жаран энергосистеманын туруктуу иштешине салым кошо ала турганын эскертет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18