USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Тоң районунда жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

13:03, 30 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 гектар ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу ашкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 65 млн сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18