USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Улуттук банкы жыл башынан берки эң ири интервенцияны ишке ашырды

10:31, 30 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ күнү 222 миллион 550 миң доллар сатып, жыл башынан берки эң ири интервенцияны өткөрдү.

Бул учурда америкалык валютанын орточо курсу өзгөргөн жок — сатуу курсу бир доллар үчүн 87,8 сомду түзүүдө.

Бул үстүбүздөгү жылдагы катары менен сегизинчи интервенция болуп калды. Жөнгө салуучу орган аталган мезгил ичинде жалпысынан 1 миллиард 286,2 миллион доллар сатты. Белгилей кетсек, өткөн жылдын ичинде Улуттук банк жалпысынан 853 миллион долларга интервенция жүргүзгөн.

Буга чейин жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 16-апрелде жана 8-июнда чыгып, тиешелүүлүгүнө жараша 168 миллион доллар жана 170,2 миллион доллар саткан.

Улуттук банк валюталык интервенцияларды сомдун курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу жана валюта рыногунда туруктуулукту сактоо максатында жүргүзүп келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18