USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

190дон ашык спектакль, 12 премьера: Орус драма театры сезонду жыйынтыктады

08:15, 30 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры 91-театралдык сезонун ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр сезон ичинде ар кандай курактагы көрүүчүлөргө жалпысынан 190дон ашык спектакль тартуулап, 12 премьераны сахналаштырды.

Театр жамааты өлкө ичиндеги жана ШКУга мүчө мамлекеттерде өткөн 6 эл аралык театр фестивалына катышты. Ошондой эле Россиянын Новокузнецк шаарына чыгармачылык сапар менен барып, Бишкекте Санкт-Петербургдагы Балтийский дом театрынын гастролдук программасын өткөрдү.

Социалдык жоопкерчилик алкагында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана ардагерлерге арналган 6 кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, 3000ден ашык көрүүчүгө өз өнөрүн тартуулады.

Мындан тышкары, сахнаны жарыктандыруу жана үн жабдууларын жаңылоо иштери улантылды.

Театр быйылкы сезондо Москвада өткөн «Театрал жылдызы» (Звезда театрала) көрүүчүлөр сыйлыгынын «Чет өлкөдөгү мыкты орус театры» номинациясына жана Кирилл Лавров атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18