USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкектин Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

08:04, 30 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу муниципалиттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июндан тарта аталган көчөнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат.

Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш этап-этабы менен улантылат. Алдыда Исанов көчөсүнүн кийинки тилкелери да жумуштун жүрүшүнө жараша кезеги менен, ар бири 10 күндөн убактылуу жабылып турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18