Эртең, 30-июнда күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөнүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +16...+21 күндүзү +28...+33
Таласта түнкүсүн +15...+20 күндүзү +26...+31
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22 күндүзү +32...+37
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12...+17 күндүзү +24...+29
Нарында түнкүсүн +8...+13 күндүзү +25...+30
Бишкекте түнкүсүн +19...+21°, күндүзү +31...+33° болот.