USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 70 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт

12:49, 29 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. 2026-жылга бекитилген планга ылайык, райондо 71,7 чакырым унаа жолуна асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленген графикке ылайык аткарылып жаткан иштер:

  • Талды-Суу — Арал унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө жумуштары
  • Түп — Кеген унаа жолунун 39 чакырым тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери
  • Михайловка — Николаевка — Токтоян — Сары-Тологой унаа жолунун 15,5 чакырымына асфальт төшөө пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 10,5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.
  • Түп—Шаты—Ичке-суу—Талды-Суу унаа жолунда 7.2 чакырым жолу

Мындан тышкары, буга чейин асфальт басылган Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолунда жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу иштерине даярдык көрүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18