Пайдалуу кеңеш: Узак жашаган адамдар кандай азыктарды колдонот?
Уролог Марк Гадзиян анын узак жашаган бейтаптарынын тамак-аш тизмесинде кайсы азык дайыма болорун айтып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Адистин айтымында, 89 жаштан 95 жашка чейинки айрым бейтаптар өздөрүнүн ден соолугунун жакшы абалы менен аны таң калтырышкан. Кийинчерээк алардын баары күн сайын жаңы сарымсак жешери белгилүү болгон.

Мындан кийин Гадзиян бул азыктын касиеттерин кененирээк изилдеп көрүүнү чечкен. Дарыгер сарымсактын антиоксиданттык, антимутагендик жана сезгегүүгө каршы касиеттери бар экенин белгиледи.
Адистин айтымында, ушул касиеттеринин аркасында сарымсак бир катар оорулардын, анын ичинде онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучун азайтышы мүмкүн.
Ошону менен бирге Гадзиян сарымсак рациондун бир бөлүгү катары гана пайдалуу боло аларын баса белгиледи. Ал медициналык текшерүүлөрдү, скринингдерди же дарыгер тарабынан дайындалган дарылоону алмаштырбашы керек.