USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын муралы жаңыланууда

10:23, 29 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишиндеги Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаева түшүрүлгөн мурал өчүрүлдү. Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма» кинофильминен алынган бул сүрөт 2022-жылдын май айында пайда болгон.

Анда Бишкек мэриясы кесилиштеги имараттын дубалы «Джубили Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын демилгеси менен кооздолгонун билдирген.

Уюмдун директору Валерия Хегай бир нече күн мурун мурал жаңыланарын кабарлаган. Ал шаардын борборун кооздой турган дубал сүрөтүнүн эскизин жарыялады. Сүрөттүн темасы өзгөрүүсүз калат — «Кызыл алма» кино чыгармасы.

«Бул дагы бишкектиктерге жана борбордун конокторуна жагат деп үмүттөнөм. Азырынча бул эскиз, бирок Сейидан Акуновдун кесипкөйлүгү жана «KYZart group» командасынын аркасында ал иш жүзүндө да ушундай сонун болоруна ишенем! Жаңысынын маанайы бир аз башкача. Буга чейинки мурал биз менен 4 жыл бою турду», — деди Хегай.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18