Баткенде селден кийин жолдор ачылып, бардык жерде электр жарыгы калыбына келди
Баткен облусунда болгон катуу шамалдын жана селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, бардык унаа жолдорунда кыймыл толугу менен калыбына келтирилип, транспорт үчүн чектөөлөр жок.
Жабыркаган калктуу конуштардын көбүндө электр энергиясы да калыбына келтирилди. Жарыксыз Баткен районунун Бежой айылындагы 147 гана абонент калууда. Авариялык-калыбына келтирүү иштери улантылып жатат.
Баткенде борборлоштурулган суу түтүктөрү калыбына келтирилди. Айрым калктуу конуштарда ичүүчү сууну берүүнү кайрадан жандандыруу иштери дагы деле уланууда.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жетектеп жатат. Жарандык коргонуунун бардык кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеүүдө.
Ошону менен бирге, катуу шамалдан келтирилген чыгымдардын көлөмүн аныктоо үчүн атайын комиссия жабыркаган турак үйлөрдү, социалдык объекттерди жана чарбалык курулуштарды текшерүү иштерин улантууда.


