USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жолдорду оңдоо: Бишкекте 6 автобустун каттамы өзгөртүлдү

08:37, 29 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Семетей көчөсүндөгү реконструкция иштерине байланыштуу 6 автобустук каттамдын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган унаа жолдун Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү реконструкцияланат.

Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: № 1, № 8, № 33, № 55, № 56 жана № 103.

Реконструкция иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантаары айтылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18