USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Быйыл мектептерде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

08:09, 29 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында жаңы 2026/27-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мындай чечим Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитинин өткөрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын майрамдоо менен байланыштуу кабыл алынды.

Окуу программаларын жана окуу пландарын толук аткаруу үчүн мектептерде окуу процессин уюштурууга өзгөртүүлөр киргизилди.

Алсак, башталгыч класстардын окуучулары үчүн салттуу беш күндүк окуу тартиби сакталат.

Ал эми жогорку класстар үчүн окуу жылы ичинде кошумча сегиз окуу ишембиси уюштурулат. Ишемби күнкү сабактар болжол менен айына бир жолудан өткөрүлөт деп пландалууда.

Ошону менен бирге, сабактар так кайсы ишемби күндөрү өтөрүн мугалимдердин жана ата-энелердин сунуштарын эске алуу менен чечүү сунушталат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18