USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кегети капчыгайынан агып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды

14:04, 26 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Кегети капчыгайында дарыянын агымы алып кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24.kg басылмасына билдиришти.

Издөө-куткаруу иштери аяктады. Окуянын башка чоо-жайы такталууда.

Эскерте кетсек, 23-июнда Кегети капчыгайында эки үй-бүлө бар унаа дарыяга кулап кеткен. ӨКМдин маалыматы боюнча, унаада эки аял жана беш бала болгон. Аялдар жана үч бала сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, бирок 12 жашар кыз менен 6 жашар баланы суу агызып кеткен. Кыздын сөөгү буга чейин табылган болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18