Кеминде унаа каналга кулап кетти. Атасы эки баласы менен каза болду
25-июнда Кемин районунун Подгорное айылында «Audi C4» үлгүсүндөгү жеңил унаа каналга кулап кеткен.
Чүй облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, куткаруу иштеринин жүрүшүндө унаа суудан чыгарылган. Анын ичинен жансыз денеси табылган үч адамдын сөөгү чыгарылды.
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү — атасы жана анын жашы жете элек эки баласы болгон. Каза болгондордун сөөктөрү андан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
