USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Венесуэладагы катуу жер титирөө: Бийлик канча адам каза болгонун билдирди

10:54, 26 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Венесуэлада кечээ, 25-июнда акыркы 126 жылдагы эң күчтүү жер титирөө катталды.

Сейсмологдордун маалыматы боюнча, Каракас шаарынан түндүк-батышты көздөй күчү 7,2 жана андан кийин 7,5 баллга жеткен эки жолку жер астындагы силкинүү катталган. Кийинчерээк өлкөнүн түндүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болду. Жалпысынан 30га жакын афтершок катталган.

Түндүк жээктеги Варгас штатында жайгашкан Ла-Гуайра шаары табигый кырсыктан эң көп жабыркап, ал өзгөчө кырдаал аймагы деп жарыяланды.

Өлкө бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, кеминде 188 адам каза болуп, 1 миң 520 адам жаракат алды, ал эми дагы 157 адам дайынсыз болууда. Учурда урандылардын астында 200дөн ашык адам калууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18