USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сулайман-Тоону реставрациялоого донорлор 12,5 миллион доллар берет

15:30, 25 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Сулайман-Тоону реставрациялоого донорлор 12,5 миллион доллар бөлүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Ал депутат Уланбек Жаанбаевдин Сулайман-Тоонун азыркы абалы талапка жооп бербей турганы жана бул табият эстелиги жаңыланууга муктаж экендиги тууралуу айткан пикирине жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк 16 миллион доллар бөлүп жатат. Анын 12,5 миллион доллары Сулайман-Тоону реставрациялоого, ал эми калган суммасы Өзгөндөгү мунаранын жанына музей курууга жумшалат.

«Реставрация иштери ЮНЕСКО менен макулдашуу процессине байланыштуу созулуп кетти. Планга ылайык, бир айдан кийин жарыктандырууну толугу менен алмаштыруу, үңкүр музейин реставрациялоо жана тоонун айланасын жаңылоо пландалууда.

Тоонун этек бөлүгүн жашылдандыруу каралган. Ошондой эле тоонун этегиндеги эски мончолорду жарандар келип көрүүчү музей катары реставрациялоо пландалып жатат», — деп кошумчалады Мирбек Мамбеталиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18