USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолунда кыймыл калыбына келтирилди

13:22, 25 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кече саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан кийин унаа жолдун 58-200-чакырымдарында сел жүргөн. Буга байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу кыйындаган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Транспорт министрлиги атайын техникаларды тартып, алар кыска мөөнөттүн ичинде жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалашты.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жол 1,5-2 сааттын ичинде тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды», — деп билдирди Транспорт министрлиги трассадагы кыймыл толугу менен калыбына келтирилгенин кошумчалап.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18