Зергерлер ассоциациясы: 100 миңге жакын жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө
Зергерчилик секторун колдоо келечекте 100 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешев билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет бул тармакка ырааттуу жана натыйжалуу колдоо көрсөтүп келет.
«Кабыл алынган чечимдер комплекстүү чараларды камтыйт: бирдиктүү салыкты төмөндөтүү, технологиялар менен жабдуулардын импортун КНСтен бошотуу, зер буюмдарын кеңири масштабда мыйзамдаштыруу , ата мекендик зергерлерге кыргыз алтынын берүү , ошондой эле зергерчилик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды сатып алууга жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыяларды берүү», — деди Азамат Макешев.
Ал 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын мыйзамдаштыруу кампаниясы расмий түрдө аяктаганын эске салды. Акциянын алкагында 942 ишкер өз ыктыяры менен зер буюмдарын мыйзамдаштырган. Активдердин жалпы суммасы дээрлик 16,8 миллиард сомду түздү.
Эмне үчүн бул маанилүү?
Бул өндүрүштү көмүскө сектордон чыгарууга шарт түзүп, тармактын инвестициялык дараметин арттырды.
Дүйнөлүк керектөөдө казылып алынган алтындын 55 пайызы зергерчилик өндүрүшүнө, ал эми калганы инвестицияга, улуттук банктарга, технологияларга жана башка тармактарга жумшалат.
КР Зергерлер ассоциациясы 1998-жылдан бери иштеп келет.