USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Венесуэладагы жер титирөөдөн 32 адам каза болуп, 700дөн ашыгы жабыркады

12:05, 25 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Венесуэладагы жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 32 адам каза болуп, 700дөн ашыгы жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Дельси Родригес билдиргендигин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Бизде 32 адам каза болгону тууралуу маалымат бар, буга Ла-Гуайра бере турган көрсөткүчтөр кирбей элек. Ошондой эле мамлекеттик ооруканалардын жана жеке медициналык борборлордун тез жардам бөлүмдөрүнө 700дөн ашык жабыркаган адам кайрылды», — деди саясатчы VTV телеканалы аркылуу элге жасаган кайрылуусунда.

Венесуэладагы жер титирөөдөн 32 адам каза болду

Ал Ла-Гуайра аймагы эң көп жабыр тартканын белгиледи. Ал жерде ондогон имараттар урап калган.

«Учурда мүмкүн болушунча көп өмүрдү сактап калуу үчүн абдан чыңалуу менен иш алып баруудабыз», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Эске салсак, жер титирөө өткөн түнү Венесуэланын жээктеринде болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен жер силкинүүсү катталган. Очогу Морон шаарынан (Карабобо штаты) 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан (Яракуй штаты) 24 чакырым алыстыкта болгон. Цунами коркунучу да жарыяланган.

АКШнын Геологиялык кызматы каза болгондордун саны 100 миңден ашып кетиши мүмкүн деп болжолдоодо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18