ЖОЖ жана колледждерде кабыл алуу кампаниясынын мөөнөттөрү белгиленди
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу «Биринчи радио» түз эфиринде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди.
Анын айтымында, окууга кабыл алуу өткөн жылдардагыдай эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Искусство, дене тарбия жана спорт багыттары буга кирбейт .
Абитуриенттерди кабыл алуу «Абитуриент Online» онлайн-платформасында өтөт. Ал эми башка мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу үчүн Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору ишке киргизилди.
Айнура Исиралиева 2026-жылдан тарта 11-класстан кийин колледждерге кабыл алуу дагы ЖРТнын жыйынтыгы менен жүрөрүн эскертти.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү колледждерге негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк менен тапшыра алышат.
Орто кесиптик окуу жайларына (колледждерге) кабыл алууну 6-июлдан тартып баштоо пландалууда.