USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Кыргызстанга Монголиянын коргоо министри иш сапары менен келди

09:23, 25 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 25-июнда коргоо министри Батлут Дамба жетектеген Монголиянын делегациясы расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Батлут Дамба иш сапарынын алкагында кыргызстандык кесиптеши Руслан Мукамбетов менен жолугушат. Ошондой эле кыргыз-монгол аскердик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар иш-чаралар пландаштырылган.

Сапардын программасына «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана аскердик объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле маданий иш-чаралар каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18