БУУ Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жаңы стратегиялык документ даярдоодо
Бишкекте Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуусу өттү.

Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары өлкө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу темптерин көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле аймактардын айыл чарбасы, экология, туризм, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана башка артыкчылыктуу багыттардагы негизги муктаждыктары тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Антье Граве Кыргыз Республикасы менен БУУ тутумунун ортосунда орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу боюнча жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталганын билдирди, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экенин ырастады.