USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн босого упайы белгиленди

08:13, 25 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн босого упайы 2026-жылы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, негизги тест боюнча босого упай 110 деңгээлинде, ал эми предметтик тесттер боюнча 60 бойдон калды.

Кээ бир багыттар жана адистиктер үчүн негизги тесттин босого баллдары айырмаланат:

  • Педагогикалык билим берүү багыттарына адистиктерине — гранттык (бюджеттик) орундарга 130 упай жана келишимдик бөлүмдөргө 115 упай;
  • Саламаттыкты сактоо тармагындагы багыттарга адистиктерге — гранттык орундарга 120 упай жана келишимдик бөлүмдөргө 110 упай;
  • Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери багыттарына адистиктерине — гранттык орундарга да, келишимдик бөлүмдөргө да 100 упай.

I, II топтогу майыптарды, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары, гранттык жана келишимдик орундарга кабыл алуу үчүн негизги тест боюнча босого упай 90ду түзөт.

Айнура Исиралиева кошумчалагандай, жогорку окуу жайларында жалпысынан 10 миң гранттык орун бөлүнөт, анын ичинде:

  • 350 орун — эл аралык келишимдерди аткаруу үчүн;
  • 50 орун — ЖРТнын «алтын сертификатынын» ээлери үчүн;
  • 75 орун — этникалык кыргыздар үчүн каралган.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу «Абитуриент Онлайн» платформасында онлайн режиминде жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, ЖОЖдорго кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат.

2026-жылы ЖРТны 70 миңге жакын адам тапшырды. Алардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өтүп, ЖОЖдорго кабыл алуу сынагына катыша алышат.

2026-жылдан тарта тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге тапшыруу үчүн да милдеттүү болуп калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18