Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн
Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформадан кийин муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйдү.
Бирок дагы деле тактала элек аймактар бар, учурда муниципалдык менчик башкармалыгы документтештирүү маселесин карап жатат. Жыйынтыгында Бишкекте жалпысынан 36 көрүстөн болот.
Учурда алты объект жаңы сөөктөрдү коюу үчүн жабылган.
Жыйында белгиленгендей, 2026-жылга карата аталган агенттикке жалпысынан 32,4 миллион сом бөлүнгөн, анын ичинен 4,2 миллион сому тууган-туушканы жокторду (ээсиз сөөктөрдү) көмүүгө каралган. Каражаттын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат.
2025-жылы сөөктү коюу кызматтарынан болжол менен 28 миллион сом түшкөн.