МИК мындан ары Бишкек, Ош жана облус борборлорунда турак жай курбайт
Мамлекеттик ипотекалык компания мындан ары Бишкек, Ош шаарларында жана облус борборлорунда турак жай курбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, эми компания айылдарда, райондук борборлордо жана чакан шаарларда турак жай курууга басым жасайт.
«Биз Бишкек, Ош жана облус борборлорунда куруп жатканыбызды билесиздер, бирок эми ал жерлерде токтотуп, айылдарга, райондук борборлорго жана чакан шаарларга киребиз. Айылдарда кезекте турган адамдар абдан көп, алардын чыдамы түгөнүп баратат», — дед Садыр Жапаров.
Президент аймактарда да жеткиликтүү турак жайга суроо-талап жогору экенин, андыктан жарандарды батир жана үйлөр менен камсыздоо иштери ири шаарлардан тышкары жерлерде улантыларын белгиледи.