USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

08:26, 24 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын түштүгүндө 23-июнда күчү үч баллга жакын жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү саат 6:31де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Эгин-Жай айылынан түндүк-батышты карай 8 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 100 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты карай 105 чакырым аралыкта жайгашкан.

Өлкөнүн калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18